8-ноябрда Баткенде спорттук иш-чараларда чек ара отрядынын аскер кызматчысы коопсуздук эрежелерин бузулушунан улам каза болгон. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, атайын спорттук иш-чаралар учурунда прапорщик 1996-жылы туулган Ы. уулу С., баш мээсинен оор жаракат алып, Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Медициналык жардам көрсөтүү боюнча көрүлгөн реанимациялык иш-чараларга карабастан, дарыгерлер аскер кызматкеринин каза болгонун айтышкан.
Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Бул факт боюнча бардык тиешелүү органдарга маалымат берилип, иликтөө иштери башталды.