7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 29 млн сомдук мыйзамсыз товарды кытай, кыргыз, тажик жарандары алып өткөн

130

Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу өзгөчө ири көлөмдөгү керектөө товарларын жана тиричилик техникаларын камтыган аткезчилик товарларын ташуу каналы жабылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгү, «Уюшкан топ тарабынан ( чек ара аркылуу) же кылмыштуу коомчулуктун курамында жасалган экономикалык аткезчилик » боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Тажикстан Республикасынын аймагына тиричилик техникаларын жана керектөө товарларын аткезчилик жолу менен чек ара аркылуу мыйзамсыз алып кирүү максатында уюшкан топ түзгөн Тажикстандын, Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын жарандары аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, болжол менен 29 миллион сомдук аткезчилик товарларын чек арадан өткөрүү боюнча 12 адам кармалды: Кытай жараны Л.Ц.Ф. жана КР жарандары И.А.И., T.A.K., T.У.M., A.K.K., O.Ш.К., С.A.К., У.у.М., Г.У.T., С.И.A., T.T.A. жана T.Д.Э. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

131