7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 33 жаштагы жаранды келинчеги менен 2 кайын агасы өлтүрүп, жиликтеп жашырышкан. Маркумдун туугандары нааразы

3613

17-октябрь күнү Баткен районунун Бужум айылында өмүрү кыйылган 33 жаштагы Жигитали Темирбаевдин өлүмү боюнча жакындары маалымат беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, туугандары алгач Жигитали Темирбаевдин жоголгондугу тууралуу WhatsApp аркылуу маалымат таратышкан. Андан соң Баткен РИИБге жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Эл менен тиешелүү органдар биригип Темирбаевди издөөгө чыгышкан. Тилекке каршы анын денелери бир нече бөлүккө бөлүнгөн абалда табылган. Кылмышка шектүү катары маркумдун келинчеги жана эки кайын агасы кармалган. Маркумдун жакындары бүгүнкү күндө тергөөнүн адилеттүү жүрбөй жаткандыгын жана бул кылмыштын башында турган маркумдун келинчеги менен бул кылмышка жардам берип аралашкан жеңесинин эркиндикте жүргөнүнө нараазы болушууда.

Жигитали Темирбаевдин апасы Бактыгүл Темирбаева баласы менен келинин ортосунда чыр чыкканын айтып берген. «Мен баламды үйлөндүрүп, ушулар бактылуу тынч жашасын деп, Орусия иштегени кеткем. Той-аштарга келип-кетип жүрчүмүн. Окуядан 3-4 күн мурда балам чалып, «Апа, мен келиниңизди үйдөн башка бирөө менен кармап алдым. Ажырашам» деп айтты. Мен «Кой балам, токтоп тур. Мен өзүм барайын, анан чечебиз» дедим. 3-4 күндөн кийин эле Жигитали жоголду деп кызым чалды. Мен өзүм барып издейин деп жолго чыктым. Мени Оштон кызым менен сиңдим тосуп алды. Ошондо да мага эч ким өлдү деп айткан жок. Үйгө келсем адам көп экен. Мен киргенден кийин 20 мүнөт өткөндө баламдын жансыз денеси келди. Анын жаназасы болуп жатканын ошондо билдим. Баламды мүчөлөп, мыкаачылык менен өлтүрүптүр. Азыр тергөөчү башка тергөөчүгө өткөрүп беришти. Тергөөдө келиним жана кылмышка жардам кылып катышкан келинимдин жеңесин да кармап, келинимди энелик укуктан ажыратып, 3 баланы мага өткөрүп берүүсүн суранам. Уулумдан калган 3 баланы багып алганга кудуретим жетет», — деди ал.

Маркумдун таежеси Канышай Тешебаева аны менен акыркы сүйлөшүүсүн эскерген. «Мени Жигитали таене дечү эле. Ал өлтүрүлгөн күнү мага телефон чалган. «Таене, ал (аялын айтып жатат) жок. Балдарга бышырып берейин деп жумуртка алып келдим» деп айтты. Мен «Каякка барат эле? Жүргөндүр да келет» дедим. Кийин эле «Жигитали жоголуптур» деп угуп, үйүнө жетип келдим. Келсем эл көп. Машиналар тизилип калыптыр. Милициялар жүрөт. Анан мен үйгө кирдим. Аялы жүрүптүр. Аны «Дагы уруштуңарбы? Эмне болду? Сен бир нерсе кылгансың» деп уруштум. Урушсам уялбай көйнөгүн чечип эле «мына Жигитали мени урду» деди. Бир кезде алардын 3-класста окуган кызы келип калды. Мен «Атаң кана?» десем, «Атам бизге жумуртка алып келип, бышырбай эле уктап калды. Түндө турсам свет жок, караңгы. 2 киши атамды алып чыгып кетти. Иним эшикке чыгам деди. Мен аны эшикке чыгарайын десем, свет жок, стулду коюп, лампочканы бурап күйгүздүм. Үйгө кирип жаткандан кийин апам келди. Апам келип үйлөрдү аарчып тазалады. Эшиктин кулпун гүлдүн арасына ыргытып, кийин кайра алып келип аарчып, илип койду. Кишилердин үнү тагамдын үнүнө окшоду» деди. Мен милицияларды чакырып, «Мына кызы айтып жатат. Ким экенин сурагыла» дедим. Ушул кыздын айтуусу жана кошунабыздын дүкөнүндөгү камерага түшкөн видеонун негизинде келинибиз, анын 2 агасы кармалды. Биз акыйкат тергөөнү сураныбыз», — деди ал.

Маркумдун чоң атасынын баласы Максат Темирбаев иниси 9 бөлүккө жиликтелгенин кошумчалады. «Иним жоголду деп издебеген жерибиз калбады. Аягында өзүнүн келинчеги, бир туугандары менен өлтүргөндүгү билинди. Кийин анын денеси мүчөлөнгөн абалда келинимдин агасынын үйүндөгү дааратканадан табылды. Моргго барсам Жигиталини мотопила менен аралап, балталап, 9 бөлүкө бөлүптүр. Башы жок. Ким экенин таанып болбойт. Ички органдары жок. Бүгүнкү күнгө чейин таппадык. Кийин денесин скотчтоп, топтоп, анан жаназага алып келдик. Өтө катуу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн», — деди ал.

Маркумдун кошуналары бул үй-бүлө момун, коңшулар менен жакшы мамиледе экенин айтышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3614