7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 46 жаштагы жаран бычактан каза болду

578

Баткенде 46 жаштагы жаран бычак жеп каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Милицияга 13-декабрда таңкы саат 06:55те билдирүү түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө топ барган.

Маалым болгондой, Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну 46 жаштагы А.К. денесинен жараат алып, тез жардам кызматы тарабынан облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок ооруканада каза болгон.

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, алынган заттарды жыйнап, тийиштүү экспертизаларды дайындаган. Көп өтпөй кылмышка шектүү делип Баткен шаарынын 40 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү мурда соттолгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

579