Бүгүн 28-апрелде Баткен шаарында “Кыргыз ажары- Баткен килеминде” аттуу Республикалык кароо-сынак фестивалы өттү.
Аталган фестивал быйыл алгачкы ирет уюштурулду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин алдындагы Улуттук маданий борборунун маалымат катчысы билдирди.
Аталган фестивал быйыл алгачкы ирет уюштурулду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин алдындагы Улуттук маданий борборунун маалымат катчысы билдирди.

өттү. Республикалык кароо-сынак фестивалга өлкө боюнча 50дөн ашык кол өнөрчү өздөрү жасаган килемдери менен катышты. Көпчүлүгү Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунан келген. Мындан сырткары башка облустардан дагы бир катар кол өнөрчүлөр келди.

Иш-чаранын максаты кыргыз элинин эзелтеден муундан-муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, даңазалоо жана таанытуу менен биргеликте коңшу жашаган көчмөн жана отурукташкан ар улуттун өкүлдөрү менен соода-сатык мамилелерин жүргүзүүнүн жол-жоболорун, салттарын кайра жандандыруу, жаштарды маданияттуулукка үндөө болуп саналат.

Фестивалга 7 дубандагы кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана келген чеберлер катышты. Республикалык кароо-сынакка катышкан ар бир катышуучунун “Түктүү килем”, “Арабий килем”, “Таар килем”, “Мурас килем” аталыштагы килемдеринен тандалып, кароо-сынакта аныкталды.Өзгөчө килемде болгон түрлөр, оюулар, түшүрүлгөн көчөттөр нукура кыргызча жана салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалган буюмдар кароо-сынакка коюлду. Жеңүүчүлөр калыстар тарабынан тандалып алынган соң, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болду. Жалпы байге фонду 300 миңди түздү.