7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде баңгизат сатууга шектелип Тажикстандын жараны кармалды

609

Мыйзамсыз баңгизат сатуу менен алектенген чет элдик жаран Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Жаштык айылынын аймагында Тажикстан менен чектешкен башкы жолдо  баңгизаттарды жеткирүүнү уюштуруп жана сатууну көздөгөн Тажикстан Республикасынын З.З. аттуу жараны кармалган.  Ага тинтүү жүргүзүү учурунда скотч менен таңгакталган 9 кг салмактагы өзгөчө жыты бар “гашиш” баңгизаты табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат Ооганда өндүрүлгөн “гашиш” (чарс) баңгизаты болуп чыгып, анын жалпы салмагы  9 килограмм 521 граммды түздү.

Азыркы учурда З.З. аттуу жаран Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы республика боюнча ушундай фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды системалуу түрдө өткөрүп турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

610