Бир нече тоноочулукка шектүү катары 3 жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-октябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кылмыштардын бири 5-октябрда Новопавловка айылында болгон. Ошол күнү шектүүлөр 14 жаштагы өспүрүмдүн уюлдук телефонун алып, изин жашырып кетишкен.
Өспүрүмдүн апасы милицияга кайрылып, бул факты Жазык кодексинин 201-беренеси («Тоноо») менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Ж.Т. жана И.М., ошондой эле 21 жаштагы Р.Ж. кармалган. Алардын баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандардын дагы 4 тоноо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.