7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кимдер Аймактык шайлоо комиссиясына мүчө боло албайт?

539

БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өкүлдөрдү көрсөтү башталганын жарыялады. Кабыл алуу 29-октябрь,  18:00гө чейин уланат.

Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.

АШКнын мүчөлүгүнө талапкерди кабыл алууда жарандын макулдугу, шайлоо комиссияларынын ишине даярдык деңгээли, иш тажрыйбасы эске алынат. Алсак, АКШнын мүчөсү ошол аймакта жашоосу шарт.

«КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» мыйзамынын  22-беренесине ылайык төмөнкүлөр АШКнын мүчөсү боло албайт:

  • — Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
  • — мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
  • — судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
  • — талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
  • — башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
  • — мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
  • — башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
  • — шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда терс негиздер боюнча бошотулган адамдар.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

540