Баткенде карбамид түрүндөгү минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташып бараткан жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Чек ара конуштарынын аймагында кампалар ачылып, 1 млн сомдон ашык жалпы салмагы 27,8 тонна 550 каптан ашык карбамид түрүндөгү мыйзамсыз ташылган минералдык жер семирткичтердин жүгү кармалган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иши козголгон.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.