7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде балдар мекемесинде иштебеген адамдарга маяна төлөнүп келген

680

Баткенде балдар мекемесинде иштебеген адамдарга айлык акы төлөнүп турган фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Кулунчак» мектепке чейинки балдар мекемесинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланып жүрүшкөн.

Аталган мекемеде иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип төлөнүп келген. Мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлгөн.

Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

681