7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде барымтада калган жарандар бар, тактоо жүрүп жатат

784

Баткен облусунун чек аралаш аймактарында азыр да ок атуулар уланып жатат. Бардык күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алууда.

Бирок, ок атышуунун натыйжасында азыркы учурга 134 адам жабыркап, 13 каза болду. 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылган.
Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13мин 500 адам коопсуз жайга чыгарылды.

Ал эми Баткен районунан 7093 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Эвакуацияланган жарандарга жергиилктүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар жеткирилүүдө.
Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөнгөн, ошондой эле Лейлек районун Кулунду айыл аймагынын Сада, Максат, айылдарында, Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында күйгөн үйлөр жана май куйуучу бекеттер бар.

Облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиев, 7-каналдын Баткендеги кабарчысына берген маалыматы боюнча барымтада калган жарандар бар, аларды тактоо жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

785