Кызыл-Кыя шаардык ооруканасындагы лазердик аппараттын жардамы менен бөйрөктөгү ташты алуу ыкмасы ийгиликтүү колдонулууда. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Ооруканадагы заманбап медициналык лазердин жардамы менен дарыгерлердин бейтаптарга операция кылбай, денесин кеспей, заара жолдору аркылуу бөйрөктөгү таштарды майдалап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Дарыгерлердин айтымында, бейтаптар оорудан жеңил арылып, үч күн аралыгында үйүнө чыгарылууда.
Облус аймагында мамлекеттик бюджеттин каражатына менен сатылып алынган мындай жабдуу азырынча бирөө гана болгондуктан, ооруканага бардык район шаарлардан жана жакын жайгашкан Ош облусунун Ноокат, Араван районунун тургундары кайрылып жатат.