Баткен облусунда ири суммадагы аткезчилик жүк кармалганын УКМКдан билдиришти.
Баткен облусунун Лейлек районунун Мурас-Арка унаа жолунда 11-декабрынан 14-декабрына чейин төмөнкү контрабандалык жол менен келе жаткан товарлар кармалган:
- 1993-жылы туулган Арка айылынын тургуну жана Кулунду айылынын 1981-жылы туулган тургунунун башкаруусундагы эч кандай коштоочу документтери жок көп сандагы тиричилик техникалары бар 2 даана Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаа;
- Кулунду айылынын 1985-жылы туулган тургуну А.А.А.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа, эч кандай коштоочу документтери жок кондитердик азыктары (650 коробка таттуу нерселер, жалпы салмагы болжол менен 3250 кг) менен.
Кармалган унаалар жүк менен бирге “Жаңы-Жер” чек ара заставасынын аймагына сактоо үчүн токтотулду. Эксперттин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, кармалган жүктүн болжолдуу суммасы 2 миллион 650 миң сомдон ашык.
Бул фактылардын негизинде УКМК иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.