7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде чек ара чырында жардам колун сунган Келдибек сыйланды

905

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын тургуну Келдибек Матисаевге ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Келдибек Матисаев 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү болуп өткөн коогалаңда чек ара айылдарынан эвакуация болгон жарандарга жардам колун сунган инсан.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев өз кезегинде Келдибек Матисаевге кыйын кырдаалда жабыркаган үй-бүлөлөргө патриоттук сезимде кол сунуп, өлкөнүн бүтүндүгү , элибиздин келечеги үчүн кошкон салымы жана өз учурунда материалдык, моралдык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл мындан сырткары оор кырдаалда колдоо көрсөтүп, жабыркаган үй бүлөлөргө жардам берген ар бир кыргызстандыкка Баткен элинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, колундагы баласы менен «үй бар» деген жазуу бар кагаз кармап, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандарга тилектештик билдирип чыккан Келдибек Матисаев социалдык тармактын колдонуучуларынын алкышына татыган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

906