Баткен облусунун Кадамжай районунда жеке нотариалдык контора тарабынан мыйзамсыз ишеним кат берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун жеке нотариалдык конторасы, А.А.Э. аттуу Кыргызстандын жаранына катталып, анын Т.Г.С. аттуу жубайы лицензиясы жана уруксаты жок нотариалдык иш-аракеттерди мыйзамсыз берүү жана бурмалоо фактылары аныкталды.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 248-беренесинин 1-бөлүм (Жеке нотариустардын, аудиторлордун, эксперттердин же баалоочулардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.