7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде эл аралык наркоканал уюштурган милиция кармалды

502

Эл аралык наркоканалды уюштуруп жаткан жеринен Кыргызстандын жараны жана анын шериги баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

«Тажикистан — Кыргызстан — Өзбекстан» багыты боюнча эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун эл аралык наркоканалы аныкталып, ага бөгөт коюлду. Уюшкан кылмыштуу топтун уюштуруучусу чет элдик баңгизат сатуучулар менен бирге Баткен районунун тургуну жана БМЖКККнын Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкери экендиги аныкталып, алар чет өлкөлөрдөн баңги каражаттарын Кыргызстандын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөгө сатуу жана өткөрүү каналын жөнгө салышкан.

«Баткен-Ош» унаа жолунда атайын операциянын жүрүшүндө КР жараны кармалып, тинтүү учурунда жалпы салмагы 3 кг 996,7 грамм (базар баасы 1 млн 800 миң сом) афган тектүү «чарс» баңгизат табылган.

Ошондой эле, баңги каналын уюштуруучусунун жардамчысы, БМЖКККнын Баткен облусундагы башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери — милициянын лейтенанты С.И.У. кармалды. Аталган кызматкер Мамлекеттик чек арасынын көзөмөлгө алынган аймактары аркылуу баңги каражаттары үчүн акы төлөө катары кызмат кылган транспорт каражатын өткөрүүгө көмөк көрсөткөн.

17-февралда уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөлөрүнө айып тагылып, Ош шаардык соту тарабынан УКМКнын тергөө абагына 5-мартка чейин камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

 

 

503