7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош-Баткен-Раззаков жолундагы кырсыктан бир аял каза болду

446

Ош-Баткен-Раззаков жолунда жол кырсыгы катталып, аял киши каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

19-февраль күнү саат 22:04 чамасында Рават айылы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 300, 900-чакырымында аталган айылдын тургуну башкарган Баткен районунун №2 Жол тейлөө ишканасына таандык болгон ISUZU NLS 43-150 үлгүсүндөгү атайын унаасы менен инерттик материалдарды себип бара жаткан. Ошол учурда арт жагынан удаалаш келе жаткан Ташкент шаарынын жашоочусу «Центр комплектации MCHJ» ишканасына таандык болгон унааны башкарып бара жатып, рулун башкара албай атайын техниканы арт жагынан сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен Шевроле унаасында жүргүнчү болуп бара жаткан Ташкент шаарынын тургуну ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми 2020-жылы туулган кызы денесинен жараат алып, Баткен ооруканасына жеткирилди.

 

 

 

447