7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде карызын кайтарып бере албаган жигит өзүнө кол салды

333

Баткенде 25 жаштагы жаран карызын кайтара албай, алдамчылыкка барганын Баткен облустук милициясы билдирди.

Ал жигит жергиликтүү тургундан 865 миң сом карыз алган. Акчаны кайтарууда жигит кара баштыкка вафли салып, сыртынан “доллар” деп ойлотуу үчүн акча алмаштыруучу жайга барган. Ал курстун баасын сурап, бирок акча алмаштырбай эле кеткен. Андан соң өзүнө өзү бычак менен жаракат келтирип, милицияга чалып бейтааныш адамдар аны бычактап, 25 миң долларын тартып алды деген.

Териштирүү учурунда жигит карызын кайтара албагандыктан ушундай кадамга барганын мойнуна алган. Тергөө иштери жүрүүдө.

334