Эл аралык компаниялар куруп жаткан Ороктогу стадиондун баасы канча?
173
Орок айылында ири улуттук стадиондун курулушу жүрүп жатат. Ал 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Стадион эл аралык деңгээлде, салыштырмалуу аз чыгым менен курулууда. Курулуш иштери Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жасалып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө.
Долбоорго тартылган дүйнөлүк компаниялар :
• Populous Holdings Inc. (АКШ) — Уэмбли, Манчестер Сити, Арсенал сыяктуу стадиондордун автору;
• Dzine (Түркия) — архитектуралык дизайн;
• Arenes Engineering Group — инженердик жана электромеханикалык иштер;
• Istanbul Statik Akademy — конструкциялык эсептөөлөр.
Курулуштун алдын ала наркы 60 миллион доллар. Бул сумма коңшу өлкөлөрдөгү стадондордон бир нече эсе арзан:
• Milliy Stadium, Ташкент (Өзбекстан) — 34 миң орун, 270 млн доллар
• Алматы Борбордук стадиону (Казакстан) — реконструкциясы болжол менен 20 млн доллар
• Ашхабад Олимпиялык комплекси (Түркмөнстан) — жалпы наркы 5 млрд долларга чейин жеткен
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мындай масштабдагы спорттук объект эл аралык өнөктөштөр менен, дүйнөлүк стандарттарга ылайык курулуп жатат. Бул өлкөнүн эл аралык аброюна оң таасирин тийгизип, келечекте ири спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жол ачат.
Стадион 2026-жылы толук курулуп бүтөөрү айтылууда. Ал 2031-жылдагы Азия Кубогун өткөрүүгө талапкер негизги арена болот.