7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде курама командалардын машыгуусу  үчүн эки футбол талаасы курулат

410

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусундагы футбол ассоциациясынын жетекчиси  Айбек Ражаповду кабыл алды.

Облус башчысы алгач аймакта спорттун футбол түрүн өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Маалыматка ылайык, учурда облуста төрт футбол командасы иш алып барат, анда 7 жаштан баштап, балдар, өспүрүмдөр, жаштардан, чоңдордон турган топтор ойнойт.

Нур-Баткен, Шахтер-Кызыл-Кыя, Металлург-Кадамжай, Исфайрам-Кара-Дөбө командалары түрдүү мелдештерде облустун намысын коргоп келишет.

Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев, Ражапов менен жолугушууда, облус аймагында футболду өнүктүрүү аракеттерин активдештирүү, жетиштүү шарт түзүү үстүндө иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жаңыдан түзүлгөн “Лейлек”- Раззаков командасына колдоо көрсөтүү, Сүлүктү шаарына да футбол командасын түзүүнү тапшырды.

Ал эми футболго кызыккан кыздарды колдоо, жер жерлерде кыздар футболун түзүү, өнүктүрүү боюнча да тапшырмаларды койду.

Маалым болгондой, алдыда Кызыл-Кыя шаарына эки футбол аянтчасы курулат. Анын бирөө жасалма чөп менен болсо, экинчиси табигый чөп менен болот. Демилгени жергиликтүү бийлик менен Кыргыз футбол союзу биргеликте ишке ашырат.

 

 

411