7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстанга 15 бодо малды өткөрүүгө аракет кылган 3 жаран кармалды

169

Баткенде эт жана мал-жандыктарды контрабандалык жол менен чыгарып кетүү аракети токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында узундугу болжол менен үч метрге жеткен атайылап демонтаждалган тосмо аркылуу 15 бодо малды өткөрүүгө аракет кылган А.У.С., Ж.Д.А. жана Г.Э.А. аттуу 3 кыргыз жараны кармалган.

Азыркы тапта ыкчам-тергөө иштери улантылып, бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар адамдар аныкталып, жоопкерчиликке тартылат.

Атайын операциянын алкагында, облус аймагында аткезчиликке тиешеси бар 31 жаран аныкталып, контрабандалык жана башка мыйзамсыз иш-аракеттерден баш тартуу тууралуу эскертүүлөр берилип, КР мыйзамдарын сактоо боюнча милдеттенмелер алынды жана тиешелүү видео материалдар менен бекитилди.

170