7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде мергенчилер тарабынан 13 чөө жок кылынды

674

Биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Баткен өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мергенчилер менен биргеликте Баткен районунун Кара-Булак айылынан 13 чөө атып жок кылышты. Бул тууралуу Биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Баткен өкүлчүлүгүнүн Баткен районунун аңчы-адиси Кубанычбек Амиракулов билдирди.

Анын айтмында аталган мекемеге Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнөн жергиликтүүлөрдүн мал жандыктарын чөө жеп кетип жаткандыгы тууралуу кабарлашкан.

«Анын негизинде аталган департамент Баткен шаары жана районундагы 20дай мергенчилер менен биргеликте чөө атуу боюнча биргеликте иш алып барышкан. Бир күн ичинде 13 чөө атылды. Мындай аракеттер мындан ары да чөө көп, атууга муктаж аймактарда улантылат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

675