7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

570

Баткен облусунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Баткен облус аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары  күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Баткен районунун жана Лейлек районунун аймактарында болгон окуяга байланыштуу чектешкен аймактарда ИИОнун кызматкерлеринен түзүлгөн кайгуулдар күнү-түнү иш алып барууда. Ал эми жергиликтүү тургундар арасында милиция кызматкерлери чагымчыл аракеттерге жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө»,-деп берилет билдирүүдө.

Азыркы убакта абал чыңалуу бойдон калууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571