Өкмөтүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыр тартып, облустук ооруканада дарыланып жаткан жарандардан кабар алды.
Облус башчысы жабыркаган жарандардын тез арада сакайып кетишин каалап, алардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн, мамлекет тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлөөрүн билдирди.
“Баткен облусу чек арада жайгашкан, стратегиялык аймак болгон үчүн, айрым учурларда аймакта орун алган түрдүү кырдаалдарда, жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуу үчүн, дарыгерлер баатырларча күрөшүп келесиздер. Сиздерде эрдик жана эркттүүлүк деген улуу сапат бар. Биз баарыбыз сиздерге зор ишеним артабыз жана таазим этебиз. Элибиздин саламаттыгы, өлкөбүздүн башкы байлыгы. Татыктуу медициналык кызмат көрсөтүү, шарт түзүү, дарыгерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү, өлкөбүздүн артыкчылыктуу багыттарынын негизгиси” — деп белгиледи Абдикарим Алимбаев.
Ошондой эле ишинен айырмаланган алдыңкы кызматкерлер, ыйгарым укуктуу өкүлдүн “Ардак грамотасы” менен сыйланышты.