Баткен облусунда катуу шамал жана селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда бардык унаа жолдорунда кыймыл толугу менен калыбына келтирилип, транспорт үчүн эч кандай чектөөлөр жок.
Жабыркаган калктуу конуштардын басымдуу бөлүгүндө электр энергиясы калыбына келтирилди. Учурда Баткен районунун Бежой айылындагы 147 абонент гана электр жарыгысыз калууда. Бул аймакта авариялык-калыбына келтирүү иштери уланууда.
Ошондой эле сугат суу штаттык режимде берилүүдө жана суу чарба объекттери үзгүлтүксүз иштеп жатат. Аба ырайынын кесепетинен байланыш операторлорунун айрым интернет линиялары жабыркап, адистер аларды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Борборлоштурулган суу түтүктөрү калыбына келтирилип, айрым калктуу конуштарда ичүүчү сууну берүү толук жандандыруу иштери улантылып жатат. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жетектөөдө. Жарандык коргонуунун бардык кызматтары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.
Мындан тышкары, атайын түзүлгөн комиссия катуу шамалдан жабыркаган турак үйлөрдү, социалдык объекттерди жана чарбалык курулуштарды текшерип, келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо иштерин улантууда.тармагына жооптуу орган тарабынан каржыланары белгиленди.
Жыйындын соңунда жооптуу кызматтарга долбоордук документтерди ыкчам даярдап, курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө баштоо тапшырмасы берилди.



