Баткенде экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдарды социалдык тармактарга жайылтып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун 27 жаштагы Э. А. Ю. аттуу тургуну социалдык тармактарда Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” -Ирак, Шам ислам мамлекети (ИГИЛ) экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестирине Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, тергөөгө иштери жүрүп жатат.