7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде ыктыярчылар 10 күн ичинде 4 аткезчилик фактысын аныкташты

1451

Баткен облусунун чек аралаш аймактарында, аткезчиликке бөгөт коюу максатында  жергиликтүү ыктыярчы жаштардан түзүлгөн мобилдүү топтор, аткезчилик тобокелчилиги бар аймактарда иш алып барууда. Бул тууралуу облус жетекчилигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Мобилдүү топ ишке киришкен 10 күн аралыгында, чек ара аймактарынан 4 аткезчилик фактысы аныкталды. Кармалган жарандар мыйзамсыз жол менен кошуна мамлекеттерге жүк өткөрүүнү көздөгөн.

Кармалган жүктөр негизинен жашылча жемиш, азык түлүк жана турмуш тиричиликке керектүү ар түрдүү материалдар экени аныкталып, бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек үстүбүздөгү жылдын 21-майында, облустун чек ара аймактарында, кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз өтүп жаткан аткезчилик фактыларына каршы күрөшүү, мобилдүү топторду түзүү боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин буйругу чыккан.

УКМК, бажы, ички иштер кызматы, салык кызматтарынан турган мобилдүү топтор, азыркы учурда да Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара аймактарын көзөмөлгө алууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1452