7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жаңы көмөк чордон пайдаланууга берилди

5

Баткен шаарында «Суу-Башы» көмөк чордону пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 110/35/10кВ болгон көмөк чордондун жалпы наркы 76 млн 709 миң 894 сомду түзөт. Долбоор Баткен электр тармактар ишканасы менен Баткен шаарынын мэриясынын биргелешкен аракетинин негизинде ишке ашырылды.

Долбоордун негизги максаты – калкты, өндүрүш объектилерин, ишканаларды жана келечектеги жаңы инвестициялык долбоорлорду туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу.

Көмөк чордондун ишке кириши Баткен шаарынын экономикалык потенциалын жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен электр тармактар ишканасына 5 унаанын ачкычы да тапшырылды.

6