7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жарадар болгон 162 адамдан 118ине ок тийген

646

2 –май күнү ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Медиа-штабта маалымат жыйын өткөрүп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийинки кырдаал, козголгон кылмыш иштери, тергөөнүн жүрүшү тууралуу айтып берди.

2 –майга карата кыргыз-тажик чек ара чатагынан 162 адам жабыркап, 34 киши курман болду. Жаракат алгандардын 12-чек ара кызматынын жоокерлери, 17-ИИМ кызматкери, калгандары жөнөкөй жарандар болгон.

Жарадар болгондордун 118ине ок тийип, 10нуна таш тийген. 3 жоокер, 31 жөнөкөй жаран октон каза болгон.

Ички иштер министринин орун басары Э. Аширходжаев: «Бишкек, Ош шаарларынан, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынан чакыртылган тергөөчүлөрдөн түзүлгөн атайын тергөө тобу Баткен облусуна жөнөп кетишкен. Алар келтирилген чыгымдарды жана башка далилдерди топтоп жүрүшөт. Бүгүнкү учурда «Тынчтыкка каршы кылмыш», «Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Адам өлтүрүү» сыяктуу 11 кылмыш иши козголду» — деди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

647