7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жер саткан бир катар кызмат адамдары кармалды

522

Баткенде жер махинациясына байланыштуу бир катар кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

18-декабрда “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын айрым кызмат адамдары жана Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан акчалай сыйлыктар үчүн жеке турак-жай курууга жер участокторун мамлекеттик менчиктен жеке колго өткөрүү боюнча коррупциялык схемага катышкандарды тинтүү жана камакка алуу иштери жүргүзүлдү.

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы, Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн кызматкерлери, Үч-Коргон айыл аймагынын жооптуу катчысы жана башчысынын айдоочусу менен кылмыштуу келишимге барышкан. Алар айрым жарандар менен алдын ала сүйлөшүп, жер тилкелерин мамлекеттин менчигинен чыгаруу боюнча туруктуу кылмыш схемасын түзүп, жеке адамдарга турак-жай куруу үчүн тиешелүү укук жана уруксат берүүчү документтерди мыйзамсыз даярдашкан.

Жогоруда аталган кызмат адамдары жана алардын шериктери жеке кызыкчылыгын көздөп, “Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү жөнүндө” токтом чыгарып, Кадамжай районунун Үч-Коргон а/а Боз айылындагы жалпы аянты 5,45 га жер тилкесин трансформация кылбастан турак-жай курулушунун Башкы планын бекитишкен, анда 9дан 15 сотыхка чейин 48 тилкеге бөлүп, жеке турак жай курууга тиешелүү укук белгилөөчү документтерди даярдап, алардын баасын 9 миңден 15 миң АКШ долларына чейин белгилешкен.

Ошону менен бирге, кармалгандарга карата Баткен райондук сотунун чечими менен Ош шаарындагы №5 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды:

— Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон а/а башчысы Т.М.М.;
— Кадамжай районундагы Үч-Коргон а/а жооптуу катчысы А.Х.К.;
— Кадамжай районундагы Үч-Коргон а/а башчысынын айдоочусу Ш.Х.А.;
— Кадамжай районунун башкы архитекторунун орун басары А.С.К.

Учурда иштин чоо-жайын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

523