Баткен облусунан Бишкекке эвакуацияланган жарандардын жайгаштырылган жери боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жана аларды каттоодон өткөрүү бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору тарабынан аймактык негизде жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, бир жуманын ичинде шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жалпы 416 адам кайрылган.
- Анын ичинде 194 бала,
 - алардын 27си 1 жашка чейинки балдар ,
 - ал эми 54ү 5 жашка чейинки балдар,
 - кош бойлуу аялдар — 27 аял,
 - каттоого алынганы — 55 адам,
 - 2 бейтап Улуттук хирургия борборуна жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды,
 - Аялзаттын борборуна жайгаштырылганы — 3 адам,
 - 292 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү,
 
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун (ММК) кошумча программасы боюнча 17 адамга рецепттер берилген.



