7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенден Ошко келген жарандардын саны 5 миңден ашты

579

Борбордук аянтта ачылган Ош шаарынын борбордук штабы Баткен облусунан келген тургундарды жайгаштыруу боюнча тынымсыз иш алып барууда.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунан келген 2500дөн ашык адам убактылуу жайгаштыруу борборлорунда турат. Алардын көбү аялдар жана балдар. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча, Баткен облусунан келип, шаардагы туугандары, достору, тааныштарынын үйүндө жашап жаткан тургундардын саны 5 миңден ашат.

Белгилей кетсек, убактылуу жайгаштыруу пункттарына мэриянын тиешелүү жетекчилери жана кызматкерлери күн сайын келип, психолог, медицина кызматкерлери тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580