Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Кан-и-Гут үңкүрүнө барып, ичин көрүп чыкты.
Анын айтымында, бул үңкүрдүн кире бериши коопту.
«Мен бүгүн көптөн бери угуп, барууну пландап, бирок жете албай жүргөн Кан-и-Гут үңкүрүнө, туризм тармагындагы бир канча кызматкерлер менен барып келдим.
Башында чоң үңкүрдүн кире бериши өтө кооптуу экен. 30-40 метр терең болгон чуңкурга жип менен жана шаты коюп түштүм. Мени менен баргандарга баарына үңкүргө түшүүгө тыюу салдым. Анткени ар бир ошол жака барган адамдын өмүрү мен учун кымбат.
Мен кирип чыккандан кийин гана силерге кирүүгө болобу, жокпу айтам дедим.
Жалгыз ӨКМдин куткаруучулары менен үңкүргө түшүп көрүп чыктым. Үңкүрдүн ичи кооптуу десем болот:
Биринчиден, IX кылымдарда казылган үңкүр деп тарыхчылар айтып келет;
Экинчиден, үңкүрдүн узундугу 300 км ге жакын деп болжолдошот;
Үчүнчүдөн ичине киргенде лабиринт сыяктуу бир канча жүрө турган багыты бар экен;
Төртүнчүдөн, кетип жатканда тик казылган чуңкурларды көрдүк,байкабай калсаң түшүп кетишиң мүмкүн экен, таш ыргытсак өтө чукур экени билинди.
Басып жүргөндө өтө заң баскан темирлерди көрдүк.
Ошондуктан мен бүгүнкү саякаттын катышуучуларына бул уникалдуу, табышмактуу жайдагы коопсуздукту камсыздоо зарылдыгын айттым, буюрса туристтер үчүн бардык шарттарды түзүүнүн үстүндө иштейбиз.
Негизи Баткен облусунун батышында жайгашкан Кан-и-Гут үңкүрү облуста олуттуу маданий баалуулукка ээ таң калаарлык жерлердин бири.
Тарыхчылардын маалыматына таянсак, бул жер Улуу Жибек Жолунун эң маанилүү багыттарынын бири болгон. Кан-и-Гут үңкүрү башынан эле табигый үңкүр болуп, күмүш баш болгон бир топ кендердин запасын камтып турат.
Үңкүр байыркы заманда эле адамдарды кызыктырып келген. Ал жерден байыркы кишилердин издери жана биздин доорго чейин эле башталып IX кылымда аяктаган кен казуу иштеринин көп сандаган калдыктары табылган. Кен казылып бүткөндөн кийин бул жер каралбай калган, бирок унутулган эмес.
Үңкүрдө чексиз кен байлык катылып жатат деген уламыштар айтылган, мындан улам бул жакка, өлүм жазасы берилген кишилер Кан-и-Гут үңкүрүнүн сансыз өтмөктөрүнөн чыга албай калып калууга же ал жактан кен байлык менен чыгууга буйрук берилип жөнөтүлгөн.
Кан-и-Гут үңкүрүнүн өтмөктөрү жана залдары боюнча аздыр-көптүр деталдуу маалымат берген алгачкы изилдөө иштери 1920-жылы советтик инженер-геологдору тарабынан жүргүзүлгөн.
Кан-и-Гут үңкүрү бүгүнкү күнгө чейин толук изилденбеген уникалдуу маданий-тарыхый эстелик бойдон калууда»,- деген ал.