Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова «Баткенге жардам» кайрымдуулук штабынын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Баткен облусуна гуманитардык жардам жеткирүү боюнча маселелер талкууланды. Ализа Солтонбекова бир дагы жаран Баткенге уруксатсыз жүк ташыбашы керектигин билдирди. Анткени жарандык унааларды өткөрүү пункттары аларды өткөрбөйт.
«Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда жардам берүүнү каалагандар «Жардам Баткендин» штабына кайрылышсын. Ал жерден Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүк ташуучу унаалар менен Баткен облусуна жеткирилет», — деди ал.
Эскерте кетсек, Штаб Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жайгашкан. Кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алууга болот: 0558 98 88 88; 0705 15 13 00
Эскерте кетсек, Баткен шаарына гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн бүгүн саат 19: 00дө Бишкек шаардык мэриясына жүк ташуучу унаалар келет.
Толук маалымат алуу үчүн жана аккредитациядан өтүүгө +996 551 315 615 номуруна байланышсаңыздар болот.