7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

#Баткенге_жардам. Атайын эсепке чогулган каражат 87,5 миллиондон ашты

1036

14-майга карата  Баткен облусуна жардам берүү үчүн атайын эсепке дээрлик 87 550 770  (сексен жети млн беш жүз элүү миң жети жүз жетимиш сом чогулду. Маалыматты Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тастыктайт.

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркагандарга жардам иретинде 3-майдан тартып жеке жана өкмөттүк эсептер ачылган. Ага өспүрүмдөр «капилкага» чогулткан акчасын тапшырса, мамлекеттик кызматкерлер, жеке секторлор бир күндүк айлыгын, ишкерлер, соодагерлер бир күндүк кирешесин, депутаттар, мигранттар алынын жетишинче өз салымын кошуп жатышат.

— Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн атайын эсебине – 80  153 000 сом;

— КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине – 2 034 340 сом;

— Бишкек шаардык мэриясынын эсбине – 5 366 430, 25 сом чогулган.

Мындан башка, элдик кошундар тарабынан дагы каражаттар ушул учурга чейин чогулуп келет. Даагы да каалоочулар, өз салымын кошсо болот.

Ал эми чогулган акча качан, кандай иштетилет деген суроого Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү, 21-май комиссиянын чечими чыккандан кийин гана маалым болоорун айтты.

Эске салсак,  Тажикстандын куралдуу агрессиясынан 36 жаран каза болуп, 200дөн ашуун октон жана таштан жарадар болгон.  136 үй, 84 обьект өрттөлүп, талкаланган.

Учурда Баткен жана Лейлек райондорунда атайын мамлекеттик комиссия иштеп жатат.  Келтирилген чыгымдарды 21-майга чейин эсептеп, андан кийин талкаланган айылдарды калыбына келтирүү боюнча иштер башталат.

 Буга чейин, Президенттин тапшырмасы менен курман болгон 36 жарандын жакындарына үй куруу башталган. Андан сырткары үй курууну убада кылган курулуш компаниялары да курулуш иштерин баштагандыгын кабарлашкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1037