“Катар” кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалы чек арада орун алган акыркы окуялардан жабыркаган Баткен элине, гуманитардык жардам алып барды. Бул тууралуу облустук башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
«Аталган уюм аймактагы 2000 үй-бүлөгө, 110 тонна азык-түлүк баштыкчаларын таратышты. Ошондой эле 4200 адамга, ыйык орозо айынын урматына, ооз ачуу уюштурду» -деди.
“Катар” кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Алсамман Мохамад Хомам Ахмад Самир жергиликтүү эл менен жолугуп, болуп өткөн окуяларга байланыштуу көңүл айтып, 100 миң долларлык курулуш куруп берээрин убада кылган.