7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базар-Коргон жана Кара-Көлдө ысырапкерчиликти алдын алуу иштери жүргүзүлдү

710

“Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде Базар-Коргон жана Кара-Көлдө ысырапкерчиликти алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБдин жетекчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте айыл аймактарда эл менен жолугушуп, жарандарга жарлыктын келип чыккан негизги талаптары эмнеге багытталганы кеңири жеткирилүүдө.

Тактап айтканда курулай бедел күтүү, негизсиз каада-салттарды сактоо туура эмес экендиги, мындан улам жарандар көп учурларда материалдык чыгымдарга дуушар болуп, тамак-аш көп жасалып, мал союлуп, ыксыз чыгымдар көбөйгөнү айтылды. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында айрым айылдарда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты же башка салтанаттар көп суммадагы акчаны чыгымдабастан өткөрүлө баштады.

Кызматкерлерлер райондун тоолуу айылдарына чейин барышып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерин угушуп, арыз-даттанууларын кабыл алышууда.

Ал эми Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мэрия, жергиликтүү кеңештин депутаттары, аялдар жана жаштар кеңеши, билим берүү бөлүмү, аксакалдар соту, имамдар менен биргеликте ысырапкерчиликтин алдын алуу чараларын талкуулашты. Анда көптөгөн сунуштар айтылып, аны ишке ашыруу зарылдыгы белгиленип, көтөрүлгөн маселелер боюнча милиция тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

711