7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ: Украинанын Кыргызстандагы элчиси ишин улантып жатат

1036

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко өз ишин улантып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрлик 3-мартта тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев элчи Валерий Жовтенко менен жолугушканын билдирди. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан жалпы таанылган принциптердин алкагында мындан аркы курмандыктарга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн аскердик жаңжалды токтотууну жана аны саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана тынчтык жолу менен чечүүнү жактап келгенин жана жактап жатканын белгиледи.

«Андан бери эч нерсе өзгөргөн жок. Биздин маалыматка караганда, элчи ишин улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Орус ЖМКлары Украинанын президенти Владимир Зеленский Кыргызстандагы элчисин чакыртып алганын жазып чыгышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1037