Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн имаратына белгисиз жарандар кирип тоноп кетишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-январь күнү Базар-Коргон РИИБге, Кеңеш айыл аймагынын тургуну 1970-жылы туулган М.Б. арыз менен кайрылган. Анда 31-январга караган түнү Базар-Коргон районунун Кенеш айыл өкмөтүнүн имаратына орнотулган “Айыл-Банк” ачык акционердик коомунун төлөм терминалын белгисиз адамдар тарабынан эшигин бузуу менен ичинен болжолдуу 25 000 (жыйырма беш мин) сомго чейин акча каражатын уурдап кеткендигин билдирип, кылмышкерлерди таап материалдык чыгымдарды өндүрүп, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган арыздар ошол эле күнү Базар-Коргон РИИБнүн Маалыматтардын Электрондук Журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Учурда тергөө тапшырмасы берилип, ыкчам иш аракеттер жүргүзүүлүдө.