Базар-Коргон милициясы адам өлтүрүү фактысына шектүү катары каза болгон жарандын айылдашын кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда милицияга Могол айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 26-май күнү саат 22:00 чамасында айылдашынын үйүнөн 51 жаштагы бир тууган агасынын жансыз денеси табылгандыгын, анын өлүмүнүн себебин аныктап, киши колдуу болгон болсо мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын 1974-жылкы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Териштирүүнүн жүрүшүндө жансыз дененин мүчөлөрү сынган, көгөргөн, сыйрылган жерлери бар экендиги аныкталган. Шектүү өз көрсөтмөсүндө 26-май күнү саат 20:00 чамасында үйүндө 51 жаштагы айылдашы менен спирт ичимдигин ичип отуруп, мас абалда сөз талаша кетип, айылдашынын дене-башына уруп-тепкилеп койгондугун, ошондон улам ал каза болуп калгандыгын билдирген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.