7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базар-Коргондо келин 2 жашар кызы менен дайынсыз болууда

1125

Базар-Коргон районунун Абдираимов айылынын тургуну Айтмамат кызы Айкөкүл жана анын колундагы кызы Айтмаматова Аяна Айтмаматовна изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айтмамат кызы Айкөкүл 23 жашта, ал эми анын кызы 2 жашар. Учурда Айтмамат кызы Айкөкүлдүн жана кызынын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Айкөкүлдүн бою 160-165 см, ак жуумал, көзү кара, чачы кара, арык чырай.

Кийген кийимдери: Айкөкүлдүн башында ак түстөгү жоолук, үстүндө кызыл түстөгү көйнөк, кара түстөгү шым, кара түстөгү кроссовки болгон.

«Дайынсыз болуп жаткан Айтмамат кызы Айкөкүл жана анын кызын көргөн-билгендер болсо төмөндөгү телефон номерлерге билдирип коюңуздарды суранабыз: 102, (03736) 5 02 61, 0559 35 16 35, 0997 30 10 15», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1126