7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базар-Коргондо кыз талашып, тапанча менен коркуткандар кармалды

304

Базар-Коргондо кыз талашып, тапанча менен коркуткандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдирди.

Окуя 18-июнда болгон. Анда 29 жана 25 жаштагы жигиттер Matiz унаасы менен жол жээгинде токтоп турганда, Toyota Camry машинасы менен эки киши келип, «Матиздеги» кызды алып кетебиз деп талашып, уруш чыгып кеткен. «Камриден» чыккандардын бири берки жигиттердин бирин уруп, экинчиси тапанчасын алып чыгып «атам» деп коркуткан.

Видеодо «Матиздегилер» кыйла каршылык көрсөтүп, таш менен экөөнү кубалап, унаасы менен «Камринин» арткы бамперин илип кеткенин көрүүгө болот.

Окуядан кийин «Матиздеги» балдар ооруканага кайрылып, медициналык жардам алып кеткен. Ал эми «Камри» менен жүргөн 28, 31 жаштагы эки шектүү «Бейбаштык» беренесинин негизинде кармалган.

305