Бүгүн, 16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын борбордук аянтында «Жаңгак фестивалы» өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.
Фестивалдын максаты: жергиликтүү калк арасында токойлордун уникалдуулугу жана көп түрдүүлүгү, аларды коргоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, токой экосистемасын сактоо кѳйгѳйлѳрүнѳ кѳңүл буруу жана алардын чечүү жолдорун табуу, кирешенин башка булактарын сунуштоо.
Маалыматка ылайык, фестиваль Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы, Базар-Коргон шаардык мэриясы жана Арстанбап айыл ѳкмѳтү тарабынан уюштурулган.
Иш-чарага Кызыл-Үнкүр, Ачы, Арстанбап-Ата, Каба токой чарбалары, «Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругу, бак-дарактан тышкары токой продукциясынын ѳндүрүүчүлѳрү, кол ѳнѳрчүлѳр, жарандык коомдун ѳкүлдѳрү, эл аралык уюмдар, массалык маалымат каржаттары, жаштар жана айылдын мектеп окуучулары катышышууда.