7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бажы кызматы 17 фура алтын концентратынын сыртка чыгып кеткенин тастыктады

957

Кечээ, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев Кыргызстандан аткезчилик жолу менен ташылып баратып, колго түшүп,  Эркечтам» бекетинде кармалып турган 17 фура алтын концентраты “Достук” постту аркылуу сыртка чыгып кеткендигин сессияда көтөрүп чыкты.

 

Бул маалыматты Мамлекеттик бажы кызматы тастыктады.

Мекеме импорт жана экспорт Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органы тарабынан ишканаларга берилген лицензиянын негизинде ишке ашырылаарын айтат.

«Алтын концентратын сыртка ташып кеткен “Гик Кайди” компаниясына ыйгарым укуктуу орган быйыл 26-августта флотациялык концентратты экспорттоого лицензия берген. Бажы кызматкерлери ишкананын уруксат документтерин көрүп концентраттарды сыртка чыгарышкан«- деп билдирет.

“Эркечтам” аркылуу аткезчилик жолу менен чыгарып кетүүгө аракет кылынган 17 фура алтын концентраты  Чоң-Алайдагы алтын кенинен казылып алынган чийки зат. Ар бир фурага төрт тоннадан жүктөлгөнү айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

958