7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы 51,2 миллион сом кайтарып, үй камагына чыкты

651

УКМК бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жигердүү иштерди улантып жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековго карата козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнүн жүрүшүндө, ал тарабынан товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө максатында, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен, акча каражатын пара катары системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы администрациясынан товарларды көмүскө түрдө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылары аныкталды.

Мындан тышкары, Адилет Кубанычбеков жеке баюу максатында, мамлекеттин кызыкчылыгынына карабай, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра көтөргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө Адилет Кубанычбеков мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарды, ошондой эле кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алды, ага байланыштуу А.Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

652