7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бажы тармагында жасалма интеллект. Өлкөдө II Эл аралык IT конференциясы өтүүдө

332

Бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бает айылында «Бажы тармагында жасалма интеллект», «Artificial Intelligence in the Customs Domain» темасындагы II Эл аралык IT конференциясы башталды.

Конференциянын негизги максаты – жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу. Анын ичинде тобокелдиктерди башкаруу жана өткөрмө пункттардагы компьютердик көрүү тутумдарынан тартып табигый тилди (NLP) жана генеративдик моделдерди (LLM) иштеп чыгуу технологиясын колдонууну камтыйт.

Учурда Кыргызстандын Бажы кызматы ишке ашырып жаткан “Смарт бажы” Улуттук санариптик платформасына өзгөчө көңүл бурулууда.

Конференцияга Азербайжан, Беларусь, Венгрия, Вьетнам, Казакстан, Корея Республикасы, Сингапур, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын бажы органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

333