«2012-жылы Маевскийдин өкүлү Алексей Модин генералдар Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевге келишип, Өмүрбек Текебаев “Мегакомду” алып берем деп россиялыктардан пара катары алган 1 млн $ акчаны убадасын аткара албай калганынан улам кайра Текебаевден өндүрүп берүүнү суранышканын билем,»-деп экс депутат Бегалы Наргозуев 5-каналдын “Күн өзөк” берүүсүндө Алманбет Шыкмаматовго жооп катары айткан.
Ага катар, Кулов менен Суваналиев Модинге “Текебаев азыр бийликте отурат, ага күчүбүз жетпейт” деп баш тартышкан, — деген пикирин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, Алексей Модин менен Текебаев 2010-жылы “Мегакомду” россиялыктарга тымызын сатуу операциясын иштеп чыгышкан жана Модин Москвадан Госдуманын экс-депутаты Маевскийди инвестор катары таап келип, Текебаев менен достоштурган.
«Модин да Текебаевдин эски досу болгон, 2006-жылы Текебаевге каршы “матрёшка” операциясында мобилдик компанияда иштеген Модин ал операциянын бардык катышуучуларынын телефон сүйлөшүүлөрүнүн “распечаткаларын” Текебаевчилерге алып берип, чоң жардам берген», — деп берилет маалыматта.
Булак: KYRGYZTODAY.KG