7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бегалы Наргозуев: «Жылкычы чымчык» тартылганына жарым жыл боло элек, бирок эл аралык сыйлыктарды алып жатат

468

Жогорку кеңештин мурдагы депутаты, журналист жана режиссёр Бегалы Наргозуев: «Жылкычы чымчык» деген тасманы биз 2023-жылдын декабрында элге тартуулаганбыз, андан бери жарым жыл дагы өтө элек, бирок бир нече эл аралык фестивалда сыйлыктарга татыды. Виза алуу кыйынчылыктарынан улам, биз ал фестивалдардын көбүнө бара алган жокпуз, бирок Франциянын Ницца шаарындагы фестивалга катышып калдык. Баары эле мактап жатты, бирок сыйлыкка келгенде, тиги фильмге берип атты, буга берип атты, биздин үмүтүбүз үзүлүп, иш-чара аяктап калганда, эң акыркы сыйлыкты – «Эң мыкты тасма» деген наамды – бизге бербедиби…

Бул фильм жөнүндө мен көптөн бери эле ойлонуп жүргөм, бирок кол тийбей, улам кайра – эмдиги жылы баштайын деп калчумун. Сценарийин жазганга Кубат Жусубалиев агай, Марат Саруулу, андан соң Кубат агайдын кызы Жамбы Жусубалиева дагы жардамдашты. Операторлук ишти Хасан Кыдыралиев аткарып берүүгө макул болгондо мен абдан кубандым. Актёрлор дагы мыкты ойноду, Жамила Сыдыкбаева, Асан Аманов, Таазим Үмөталиева, Албина Имашева жана башкалар…

469