7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бейиш эненин таманында» тасмасы Москвадагы кинофестивалда баш байгени жеңди

348

Режиссёр Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» тасмасы Москвада өткөн “Будем жить” XIII эл аралык кинофестивалынын баш байгесине татыды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Москва шаарындагы Борбордук кино үйүндө уюштурулган иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү катышкан.

«Сынактын баш байгесине кыргызстандык режиссёр Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» тасмасы татыды. Тасмада эненин уулуна болгон сүйүүсүнүн күчү тууралуу окуя баяндалган.

Ошондой эле бул тасма «Мыкты оператордук иш» номинациясында да сыйлык алды (оператор Каныбек Калматов)», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, эл аралык фестивалга катышууга 15 өлкөдөн 400дөн ашык эмгек жөнөтүлгөн. Сынактын программасына толук метраждуу жана кыска метраждуу көркөм фильмдер, ошондой эле даректүү фильмдер кирди.

 

 

 

349