7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейшекеев: Президенттин бейтаптардын өмүрүн узартууну көздөгөнү кубандырат

602

Социалдык тармактарда Сыймык Бейшекеев өлкөдө бөйрөк алмаштыруу боюнча өз ою менен бөлүштү.

“Ушул күндө ар бир гемодиализ алган бейтапка мамлекет бир жылда 15 миң доллар коротот экен. 2645 бейтаптын чыгымын эсептесек 39 миллион 675 миң доллар (3 миллиард 531 миллион сом) болот экен.

Бул суммалардын баарын бүгүн атайын жакын тааныш врач менен чай үстүндө сүйлөшүп отуруп уктум. Бейтаптар 10-15 жылдан бери гемодиализ алып жатышат дейт. Муну акыркы 10 жылга көбөйтсөк, мамлекеттин чыгымы 35 жарым миллиард сом болуптур. Азыр эми мамлекет башчыбыз бөйрөктөрдү мамлекеттин эсебинен алмаштыруу менен, биринчиден, бейтаптардын өмүрүн узартуу максатын көздөгөнү кубандырбай койбойт.

Экинчиден, мамлекеттен чыгып жаткан чыгымды токтотуу болду го, деп ойлойм.

2645 бейтаптын баарынын бөйрөгүн алмаштырып, чыгарып жиберсек, жылына чыгып жаткан 3, 531 миллиард сом чыгашаны үнөмдөп калабыз.

Эмнеге мурдагы атка минерлер деле ушундай ойлонгон эмес? — деп сурасам, акырын жылмайып ийин күүшөп тим болду, бир бейтапка коротулуп жаткан 15 миң доллардын жарымын чыгым кылып, бөйрөктөрүн алмаштырып чыгарып жиберсе, өкмөт бир жылда бир бейтапка кетип жаткан 15 миң доллардын жарымын сактап калгандан сырткары келээрки жылдардын чыгымы да сакталып калат да.

Бир ок менен эки коён аткан ушундай болот, деген адистин кебине муюп, баардык сыркоо бейтаптарга ден соолук, анан батыраак сакайып кетүүсүн тилеп, жарандар үчүн жакшы иштердин жасалып баштаганына кубанып үйгө кайттым”,- деди ал.

 

603